Кыргыз шаары жана анын каармандары жөнүндө

КАДАМ

же КАПКАК менен жүрүү
Кыргыз шаары жана анын каармандары жөнүндө

КАДАМ

же КАПКАК менен жүрүү
Салам шаардыктар! Өзүн "шаардыкмын" деп эсептегени жана эсептебегени — баардыгына.
Сиз "Кадам" долбоорундасыз.
Сиздерди долбоор менен тааныштырмакчыбыз, андыктан алыс кетпеңиздер.
  • 7

    кыргыз шаарлары
  • 10

    каармандар
  • 10

    алар жөнүндө портрет жана очерктер
  • 4 / 1

    команда мүчөсү / өнөктөш
  • 7

    кыргыз шаарлары
  • 10

    каармандар
  • 10

    алар жөнүндө портрет жана очерктер
  • 4 / 1

    команда мүчөсү / өнөктөш
алдыга бас
алдыга бас
Капкак + адам (= кадам), экология + искусство — күтүлбөгөн кошулуучулар бүтүндөй бир кадамга барабар сумманы бере алат. Алгачкы жана акыркы шилтенген кадамдар дайыма маанилүү. Сиз муну байкаган чыгаттырсыз.

Кыргызстан, Бишкек, дегеле планета — баары биргеликте таштандыда көмүлүп жатканын байкаганыңыздай эле. Дал ушул айлана-чөйрө менен курчалган шаарда эсеп тепетең: эгер биз таштанды менен алектенбесек, анда таштандылар биз менен алектенет. Ага карай кадам жасоо таштандыга да, өзүңүзгө болгон мамилени да өзгөртө алат.

Бүгүнкү күндө анчалык деле мааниге ээ болбосо да, а бирок кай бир кезде кыргыздардын турмуш багытын өзгөрткөн оңой чирип жок болбос "баклажканын" бир капкагы көзгө урунган терс көрүнүшкө алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда, ал өзүбүз жөнүндө жазыла турган тарыхты жар салып жаңырган бүтүндөй бир партитуранын нотасына да айланышы мүмкүн. Бул маселеге карата кандай кадам жасоо керек деген суроо туулат.
Адам баласынын окуялары, өзөгүндө, себеп-натыйжалардан турат, анда таштанды деген жок, ар бир элемент байланыштыргыч кызматын аткарат жана аны чынжырдан алып салуу мүмкүн эмес — аны алып салууга канчалык тырышпасак да. Биздин кайра жаралуу дегенибиз, мейли тиричиликте болсун, мейли жашоодо болсун, таштанды деп эсептеген нерселерди жок кылып, сыртка ыргытып жибергенде эмес (көзүбүзгө көрүнбөсө болду деп), тескерисинче аны алгачкы калыбынан башка бирин жаратуу. Жаңылануунун артынан жеңилдик келет, а таштандыдан (чогулуп олтуруп акыры) көпүрө куралат. Ал көпүрө өзүбүзгө алып келет.

Бир нерсени жарык күндөргө сактап коюу керек.
Бир нерсени — караңгылыктан чыгаруу.
Бир нерсени — биримдик сезиминин "ойготуу" үчүн өз ара эпке келтирүү,
Бир нерсени — кадам-кадам менен бириктирүү

Мына, биз дал ушул кадамдардан турабыз. Дал ушул капкакчалардан.

Эгер сиз бул баракты көчөдө капкак портреттин алдында туруп ачкан болсоңуз, аны өзүңүзгө сактап алыңыз. Ошентип, сиз текстти толугу менен өзүңүзгө ыңгайлуу шартта окуй аласыз, рахмат.
Эгер сиз бул баракты көчөдө капкак портреттин алдында туруп ачкан болсоңуз, аны өзүңүзгө сактап алыңыз. Ошентип, сиз текстти толугу менен өзүңүзгө ыңгайлуу шартта окуй аласыз, рахмат.
экинчи жашоо, алгачкы эмес
экинчи жашоо, алгачкы эмес
"Кадам" долбоорунун алкагында арт-группанын сүрөтчүсү Дима Петровский кыргыз шаарларынын имараттарына жазыла турган каармандардын образдарын он миңдеген баклажка капкактарынан курайт:

4 портрет Бишкекте, калган 6оосу ар бир облус борборлорунда.

"Tazar" командасынын күчү менен 42 миң пластикалык «пиксел» Бишкектин портреттери үчүн гана чогултулган.

Бир образдын орточо өлчөмү 3 метрден 4 метрге чейин.
Жайгаштыруу орду — бош капталдар (имараттардын каптал бөлүгү) жана алар эле эмес.

Бишкектеги портреттердин ачылышы — 2024-жылдын жаз айы.
Андан ары Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Ош, Талас шаарларына киришмекчибиз.

Сүрөттөр: Баястан Сабыров
Сүрөттөр: Баястан Сабыров
Ар бир инсталляцияда анын QR-кодун таба аласыз. Телефонуңуздун камерасын анын үстүнө келтирип окутуу аркылуу сиз ар кандай жанрда таштандылар менен иштеген адамдардын окуялары менен тааныша аласыз.
Көпчүлүгү ашыкча/ансыз деле керексиз/эски оокат деп эсептешкен нерседе — тагыраагы, башкалар такыр көрө албаган жашоонун потенциалын, алар көрө алышты.
Көпчүлүгү ашыкча/ансыз деле керексиз/эски оокат деп эсептешкен нерседе — тагыраагы, башкалар такыр көрө албаган жашоонун потенциалын, алар көрө алышты.
Ушул сыпаттары менен алар — "Кадам" долбоорунун каармандары аталды, өздөрү турган жерди жаратмандыктын топурагына айлантышты. Алгач караганда "жөпжөнөкөй" көрүнгөн адамдар ортого визионер чыга келишти, андан соң өздөрүн курчап турган дүйнөнү кайрадан өзгөртүп чыгышты. Жар салбастан, каражатсыз (таптакыр жок болгон учурда) өз жонунан курашты.

"кадам" портреттери. бишкек
"кадам" портреттери. бишкек
1
1
Туманда изденип отуруп, архитектор Улан Джапаров коомдогу ("культур") жашоого болгон басымдуу көз караштын олуттуулугун бейтариз искусствонун ("мультур") борбор азиялык коомчулугуна көчүрүп, Бишкекти чогултуу борбору катары белгилеп гана тим болбостон, Уландын чакырыгын ар кыл -стандардан (өлкөлөрдөн) келген сүрөтчүлөр кабыл алышат, ошондой эле Манастын коммьюнити (эпостун "жогорку" стили) түзүү боюнча биринчи осуятын андерграунддук түшүнүккө куюштурган эле. Пафос ирония катары уланууну алды.
"Культур-мультур" сыяктуу басмырлаган түшүнүк бар го. Маанилүү орундарды депутаттар, ишкерлер, саясий технологдор ээлейт. Шарттуу түрдө "культур" деп эсептелген жай эбак эле толуп калган. Каймак-майын үлүштөп бөлүп алышкан. А бирок "мультур" дегени да бар, биз жашаган көмүскө чөйрө".

ТОЛУГУ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН ОКУҢУЗ
ТОЛУГУ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН ОКУҢУЗ
Улан Джапаров
Периферия жанрындагы рух
2
2
Айнура Исаева, 28 жылдан бери эмгектенип келген Шоро эже, компаниянын негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиевдин "күнүмдүк" баалуулук идеясын кимдир бирөөгө жар салбастан, өз эрки менен улантып келет.

Анын үйүндөгү дубал килеми өзүнө таандык болуп калган "Шоронун" басып өткөн жолунан кабар берет: өзгөртүлгөн логотиптер, компаниядан сатылып алынган фартуктар, стакандар, жакшы көрсөткүчтөрү үчүн грамоталар, акчалай сыйлыктардын конверттери. Ал тургай, убакыттын жана шарттардын бардык сыноолорунан өткөн 90-жылдардагы бир отургуч.

Аз сүйлөгөн Айнура эже — музейдин эле бир өзү. Анда үнөмдүүлүк, көрөгөчтүк жана алдын ала сезүү сезимдери сакталып келет: алдыга кадам шилтөө үчүн бир негиз, тарыхый кубаттоо керектелет. Бир нерсеге умтулуу үчүн, бир нерседен түрткү алыш керек. Антпесе "Кыргызстанда биринчи жолу" жана "Кыргызстанда жалгыз" деген сазга батуу сезими, чын эле сазга батырып салат. Биздин бир эле учурда өтмүшүбүз, азыркы учурубуз жана келечегибиз да бар — Айнура эже өз өмүрү менен ушул өмүрдүн арасындагы байланышты түздү.
"Бир капля болсо да, өзүңө топтоп жүрсөң, өзүңө кам көрөсүң. Бул даярдык".
"Бир капля болсо да, өзүңө топтоп жүрсөң, өзүңө кам көрөсүң. Бул даярдык".
ТОЛУГУ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН ОКУҢУЗ
ТОЛУГУ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН ОКУҢУЗ
Айнура Исаева
Кел, менин чатырымдын алдына
3
3
Жибек Каракеева шаарды тазалоо боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасынын уникалдуу басма сөз катчысы катары атагы чыккан. Сезим драматургиясына болгон туюмдуу таланты менен Жибек кыргыз соцтармактарынын жүрөгүн багындыра алды. Адатта көмүскөдө калып келген көчө шыпыргандар, таштанды ташуучу унаалар, сапырылган жалбырактар, Жибектин дирижерлугунда этибарга алынган фигураларга айланган.

Бул адамдаштырууну байкап турган көрүүчүлөрдө, шаар тургундарында, күзгүдөй сезим ойгонуп, алар аркылуу өздөрүн көрө алышты. Жакшы көрүү — сүйүү. Аларды да уккан, көрүп турган, унуткарбай кам көргөндөр бар. Кайтып келбестей сезилген жана да эң зарыл болгон нерсени, сүйүү сезимин, Жибек үзүлгөн зымды улаган сымал өз саптарындагы образдар аркылуу бир бүтүм катары өткөрүп берди.
"Көңүл. Биздикилер көңүл бурсаң жакшы көрүшөт. Биз көңүл бурулбай калган балдар сыяктуубуз. Бизге маанилүү, бирок бизди ойлобогон бир адам бар сыяктуу".
"Көңүл. Биздикилер көңүл бурсаң жакшы көрүшөт. Биз көңүл бурулбай калган балдар сыяктуубуз. Бизге маанилүү, бирок бизди ойлобогон бир адам бар сыяктуу".
ТОЛУГУ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН ОКУҢУЗ
ТОЛУГУ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН ОКУҢУЗ
Жибек Каракеева
Каалайм = Көрөм = Сүйөм
4
4
Кыйраган Союз өз дотациялары менен өстүргөн жана тышкы жардамды үмүт кылууга үйрөткөн жарандарын кароосуз таштап кетти. Бөкөнбаев/Логвиненко кесилишиндеги Кино үйүнөн киномеханик Аваз Момуналиевден башкасынын баары кетти. Тоолор кулап, империялар кыйрап жатканда, Аваз байке аны коргоо үчүн стратегиялык максат менен атайылап "үйгө жалгыз" жайланышты. Чоң баатырдык иши — өз ыктыяры менен. "Жашоо элесин" жараткан фонарчы. Ал жок жана болуусу да мүмкүн эмес жерде жарык берип туруу милдетин өз жоонуна артып алган коргоочу жана жактоочу.

Ал дээрлик 90-жылдардагы тоноочулардын жакшы көргөн кинопроекциялык аппаратурада жатып уктаган күндөрү тууралуу имиштер кыдырып жүрөт. 2023-жылдын жазында биздин команда интервью алуу үчүн анын байланыштарын издеп жүргөн күндөрү Аваз байке өтүп кеткен экен. Анын басып өткөн жолу тууралуу бизге кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева баяндап берди.
Кыргыз Кино үйү менен 2 легендарлуу инсанды байланыштырышат.

Бир жагынан — эң кеминде ысымында 3 "И": институт (Кинематографисттер союзунун төрагасы), индустрия ("Чыңгызфильм" / "Айтматфильм" приговоркасы), жана, балким, бүтүндөй өлкөнүн иденттүүлүгүн алып жүргөн улуу Чыңгыз Айтматов.

Экинчи жагынан, момун, боорукер, жаркын Аваз байке, оор күндөрдү басып өтүү мүмкүн жана керек экендигине ишенген.

Прометей — бул пенделерге тартуу кылуу үчүн кудайлардан отту убактылуу сурап алган адам. Прометей — өз жанын курмандыкка чалуунун символу. Байыркы грек тилинен Прометей — "кыраакы", эртеңкисин көрө билүү менен иш кылуу деген маанини берет. Аваз байкенин үч белгиси тең Прометей болгон. Ал мына ушундай элди сүйгөн адам болгон.
"Үйдүн ичинде жашоо жүрүп жаткандай элес калтырды. Жарык жок жерде жарыкты күйгүздү. Бул душмандар жаман ойлор менен кирүүгө батына алышпайт дегенди билдирет. Ошентип ал Үйдү сактап калды".
"Үйдүн ичинде жашоо жүрүп жаткандай элес калтырды. Жарык жок жерде жарыкты күйгүздү. Бул душмандар жаман ойлор менен кирүүгө батына алышпайт дегенди билдирет. Ошентип ал Үйдү сактап калды".
ТОЛУГУ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН ОКУҢУЗ
ТОЛУГУ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН ОКУҢУЗ
Аваз Момуналиев
Бул жерде байке болгон
өзүбүз жөнүндө
өзүбүз жөнүндө
Дмитрий Петровский, Айнура Сагын, Рахат Асангулова
Айнура Сагын, Баястан Сабыров, Рахат Асангулова
Сүрөттөр: Баястан Сабыров
Сүрөттөр: Баястан Сабыров
Биз, "Кадам" командасы дагы "издешпей табышкан" адамдарбыз. Баарыбыз тең концепцияга ылайык келебиз. "Таштанды" менен ар түрдүү алпурушуп келебиз. Каармандарыбыз сыяктуу эле биз дагы төртөөбүз.

Сүрөтчү Дима Петровский жөнүндө буга чейин эле айтып өттүк, сезгич колдорунан жаралган зор, талыкпаган эмгегинин натыйжасы болгон портреттери анын ордуна сөз айтар.
"Кадам" долбоорунун идеясы айти айым жана Кыргызстандын таштанды таштоочу жайларына түшүп жаткан тиричилик калдыктарын азайтуу боюнча Tazar демилгесинин тең негиздөөчүсү Айнура Сагынга таандык. Tazar күчү менен портреттерди түзгөн капкактар чогултулду. Айнура биздин стихиялуу командабызды ар тараптан толуктап, андагы бириктирүүчү механизмдерди түзөп, башкаруучулук тизгинин өз колуна алган. Ушинтип баары кыймылга келди.

Кино үйүндө

Каармандардын окуялары жайбаракат (беймарал) журналист айым Рахат Асангулованын очерктеринде берилди. Ал (тагыраагы, мен) өзүнүн тексттеринде кыргыз турмушунун көп кырдуулугун негиз катары алып жакын тилди иштеп чыгууга аракет кылууда. "Кадам" концепциясын жана ар бир окуя үчүн өзүнчө метафораны ойлоп жатып, ал (б.а. мен) дене боюн титиреткен электр тогунун агымдары сыяктуу сезимдерге айлар бою дуушар болуп келди — балким, бул сезимдер окурмандарга да өтөр. Гуд лак!

Аваз байке кинопроекция бөлмөсүндө
Каармандардын окуялары жайбаракат(беймарал) журналист айым Рахат Асангулованын очерктеринде берилди. Ал (тагыраагы, мен) өзүнүн тексттеринде кыргыз турмушунун көп кырдуулугун негиз катары алып жакын тилди иштеп чыгууга аракет кылууда. "Кадам" концепциясын жана ар бир окуя үчүн өзүнчө метафораны ойлоп жатып, ал (б.а. мен) дене боюн титиреткен электр тогунун агымдары сыяктуу сезимдерге айлар бою дуушар болуп келди — балким, бул сезимдер окурмандарга да өтөр. Гуд лак!

Аваз байке кинопроекция бөлмөсүндө
Долбоор үчүн сүрөттөр таланттуу алтын-документалист Баястан Сабыров тарабынан тартылган, ал өзүнүн күндөлүк турмушунда шаардын жана анын жашоочуларынын визуалдык образдарын иргеп алып турат. Өзү тарткан жана өзү режиссёрлук кылган видео-эссеге өзгөчө көңүл буруңуз. Анын кылдат ишинин натыйжасы — визуалдык тилинин акылмандыгы жана кыскалыгы менен айкалышкан аёосуз, акылдан алуучу бөтөнчө бир эстетика.

Баястан Сабыров тарткан тасма ылдый жакта
Баястан Сабыров тарткан тасма ылдый жакта
"Кадам" долбоорунун каржылык өнөктөшү болуп азыркы кыргыздын визиткасы, бир кездерде ээн талаада алгачкы кадамын жасаган "Шоро" ("шоронун" бир мааниси — туздуу саз) компаниясы саналат. Ар бир дасторкондо коюлган суусундук, энелерибиздин билими жана жоопкерчилиги аркылуу сакталып келген акылга сыйбас асыл кенч. Бул байлык айдай жаркырап жатпады, аны көрө билүү зарыл болчу. Муну көрө билүү 30 жылдык эгемендүү кыргыздардын визионерлеринин бири Таабалды ("тапкан") Эгембердиевге буйруган экен.

Бардык контексттер жана "Кадам" катышуучулары бир окуянын айланасында калыптанган. Ал окуялар өзүнө карай кадам таштай алган инсандардын өлкөсү жөнүндө. Тагыраагы, өзүн-өзү көрүү.

Өз көзү менен.

Текстти жазган жана калыпка салган — Рахат Асангулова

Текстти жазган жана калыпка салган

Рахат Асангулова
* Bilimkana American мектебин фото жана видео тартуу учурунда
кылган жардамына ыраазычылык айтабыз.

©"Кадам", 2024. Бишкек, Кыргызстан. Жалпы концепция, тексттик, фото жана видео материалдарды, дизайн жана тариздөө элементтерин кандай гана болбосун пайдаланууга же көчүрүүгө укук ээсинин уруксаты менен гана жана булакка шилтеме берүү менен гана жол берилет: https://kadam.to/